super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Орто Азия өлкөлөрүнүн Олимпиададагы дымагы кандай?

 

Орто Азия өлкөлөрүнөн, тагыраагы Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Түрмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстандан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жалпы 199 спортчу катышууда.

Орто Азия өлкөлөрүнөн Олимпиадага эң көп спортчусун коңшу Казакстан жөнөттү. Казакстандын атынан "Токио-2020" Олимпиадасына жалпы 97 спортчу спорттун 27 түрү боюнча катышууда. Азырынча Казакстан 3 коло медалы менен 200 өлкөнүн ичинен 49-орунда турат.

Кийинки орунда 67 спортчусун спорттун 17 түрү боюнча жөнөткөн Өзбекстан. Учурда бул өлкө 1 алтын медалы менен 26-орунда келе жатат. Өзбекстан дагы биздей эле Олимпиададан медалды балбандарынан үмүт артып жаткан маалы.

Олимпиададагы 9 спортчусун жөнөткөн Түркмөнстан бул Олимпиада тарыхындагы алгачкы медалын ала алды. Бул өлкөгө алгачкы медалды оор атлетчи Полина Гурьева алып келип берди. Ал 59 килограммга чейинкилер арасында күмүш байгеге ээ болду.

Тажикстандын атынан Олимпиада оюндарына 10 спортчу катышууда. Азырынча бул өлкөнүн бир дагы спортчусу өзүн татыктуу көрсөтө элек.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн атынан Олимпиада оюндарына жалпы 16 спортчу катышууда. Азырынча 4 спортчубуз Олимпиада оюндарында мелдешке чыгып, анын эң жакшы жыйынтыгы эле 40 өлкөнүн ичинен 18-орунду камсыздаган суучул Денис Петрашовдун көрсөткүчү болууда. Алдыда Кыргыз курамасынын спортчулары оор жана жеңил атлетика, ошондой эле күрөш боюнча мелдештерге катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.07.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тез тез маалымат берип тургулачы супер инфо олимпиада жаңылыктарын
28.07.2021. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек бала коло алды дзюдодон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: