super.kg logo

Эксперттер эс алуучуларды эң көп кызыктырган өлкөлөрдүн атын атады

 

Эксперттер быйылкы жылы эс алуучуларды эң көп кызыктырган өлкөлөрдүн аттарын жарыялашты. Жыйынтык Google интернет желесинин издөө бөлүмүндөгү маалыматтарды анализдөө аркылуу чыгарылган.

Ага ылайык, эс алуучулардын көңүлүн бурган өлкөлөрдүн сап башында Мальдив аралдары турат. Инди океанынын түндүгүндө жайгашкан бул чакан өлкө тууралуу 1 айдын ичинде 130 миң 970 жолу маалымат изделген. Ал эми экинчиде Индия мамлекети орун алган. Аталган өлкөнүн ысымы Google издөө бөлүмүнө 1 айда 130 миң 750 ирет жазылган. Ошондой эле алдыңкы үчтүктү Европадагы Греция өлкөсү жыйынтыктаган. Бул өлкө эс алуучуларды 1 айдын ичинде 108 миң 780 жолу кызыктырган.

Эң кызыгы Индияда коронавирус илдетинин жайылуусу басылбай, эс алуучулар үчүн кооптуу болгонуна карабай эс алуучуларды эң көп кызыктырган өлкө бойдон калган.

Тизменин кийинки бөлүгүндө Түркия, Канада, Мексика, Испания, Австралия, Таиланд жана Япония өлкөлөрү жайгашкан.

Изилдөөнү АКШнын визалар жана иммиграция боюнча адистештирилген компаниясы (ESTA America) жүргүзгөн.

"Пандемиядан улам эркин саякат кыла албай калганыбызга 18 айдын жүзү болду. Анткен менен акырындап туризм индустриясы жандана баштады. Коронавируска каршы эмелделгендердин саны жогоруласа кайрадан саякатка чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди аталган компаниянын жетекчиси Анжелика Хардинг.

Белгилей кетсек, өткөн жылдагы изилдөө боюнча алдыңкы сапка чыккан Италия өлкөсү бул жылы 13-орунга жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: