super.kg logo

Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектелип 64 жаштагы күйөөсү кармалды

 

Чүй облусунун Чүй айылында аялын өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 26-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Чүй айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дароо окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталып, ал 1958-жылы туулган Т.С. экендиги такталып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө денесинен жаракат алганы аныкталган.

"Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берененин негизинде (Киши өлтүрүү) катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы баласы Т.А. ата-энесинин үйүнө келип жансыз денени көрүп калганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, каза болгон аялдын күйөөсү 1957-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: