super.kg logo

"Элиза үй буюмдарынын" чуусу: MegaCom компаниясынан түшүндүрмө

 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлору өз ишинин алкагында абоненттерден уюлдук байланыш кызматтары үчүн акча каражаттарынын келип түшүүсүн көзөмөлдөп жана эсепке алып турушат.

MegaCom компаниясы абоненттик номерлерге акча каражаттарын которуу / толтуруу боюнча стандарттуу эмес финансылык операциялар болгон учурда өз абоненттеринин кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуу максатында тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен туруктуу негизде байланышып турат.

Учурда укук коргоо органдары байланыш кызматтары үчүн акы төлөө эсептерине мүнөздүү болбогон жеке эсептердеги акча каражаттарынын пайда болуу жагдайларын иликтөөдө. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары Б.Э. жана М.О. аттуу жарандар кармалып, учурда алар сурак берүүдө. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталган.

"Элиза үй буюмдары" деп аталган каржы пирамидасы менен MegaCom уюлдук операторунун байланышы жок, аталган топтун негиздөөчүлөрү уюлдук оператордун номерлери менен гана пайдаланышкан. Бул жерде уюлдук операторго күнөө коюу негизсиз. Ооба, оюнга катышкандар топту түзгөн адамдардын телефон номерлерине баланс катары каражат салышкан, номерлер ошол уюштуруучуларга катталуу, демек баланстагы каражат номер кимге таандык болсо ошол адамдыкы болуп эсептелет. Кийин ал каражат ээлерине кандай жол менен кайтарылат ал тергөө иши аяктаганда гана белгилүү болот. Ошондуктан оюнга катышкан адамдар баланска салган каражатын уюлдук оператордон эмес, кимдин балансын толуктаган болсо ошол адамдан сураса туура болот", - деп билдиришти MegaCom компаниясынын басма сөз кызматынан.

Свердлов РИИБи жабыркаган жарандарды шектүү катары кармалган Б.Э. жана М.О.нун балансына акча салгандыгын тастыктаган чек жана башка документтер менен кайрылууну өтүнөт.

Өз кезегинде MegaCom абоненттеринин каржылык коопсуздугуна ар дайым кам көрөт жана жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын иш-аракеттеринен жапа чеккен жарандардын каражаттарын укук коргоо органдарынын же соттун чечими менен кайтарып берүүгө көмөктөшүүгө даяр.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.07.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Элиза акмак, жалганчы толоп берсин, аман эсен тороп алайын дебейби андан коро, ушундайында тообо кыл, адал эмгек менен нан таап же, уятсыз
31.07.2021. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozgocho111,"Элиза эмес Мегаком акмак экени корунуп эле турбайбы, акчага коз арттырган болбойт да 45 млн сомдон 15 млн эле беребиз калганын бербейбиз деп атышат, бул такта бироонун акчасына кол салып аткандык акмактар
31.07.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
350 сом учун сотко кайрылсан сатко каттап журуп канча акчан кетет ошон учун ойнобой эле койгонум жакшы дейсинда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: