super.kg logo

"Мыкты мейманканада жашоо же 100 доллар". Нью-Йорктун мэриясы вакцина алган жарандарга сыйлык берет

 

АКШнын Нью-Йорк шаарынын жашоочуларына коронавируска каршы вакцина алгандыгы үчүн сый акы берилет. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта айтылгандай, вакцина алгандарга акча каражаты жана ар кандай белектер берилет. Жарандар сый акынын түрлөрүн тандай алышат. Мисалы аларга коомдук театрга бир жылдык абонемент сунушталат. Ошондой эле браслет же эс алуучу жайлардын бирине үй-бүлөсү менен эс алууга бекер билеттер берилет.

Мындан сырткары вакцина алгандар "супер утуштун" катышуучулары болушат. Анда жашы 18ден жогору болгон жарандар шаардагы эң мыкты мейманканада белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоого же 2500 доллар алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ал эми коомдук жана диний уюмдар үчүн вакцина алгандарга да сыйлык бар. Аларга эмдөөдөн өткөндүгү үчүн 100 доллар берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: