super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаардын эстакада көпүрөсүнүн курулушунда 50 адам иштөөдө

 
Көпүрөнүн макети. Бүткөндө дал ушундай көрүнөт
Көпүрө курулуп жаткан Навои көчөсү
Курулуш иштери кызуу жүрүүдө
50 адам ишке тартылган
Жумушчулар көпүрөнү мөөнөтүндө бүтүрүү аракетинде
Курулуш иштери жүрүп жаткан аймак тосулуп коюлган

Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштеринде 50 адам иштөөдө.  Бул тууралуу Шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сомго жакын акча каражаты сарпталган. “Суук түшкөнчө аталган аймакта жайгашкан суу түтүктөрүн алмаштырууга жетиштик” дейт Сатыбалды Абдылдакунов. 

 Мындан сырткары Ак-Буура жана Кара-Суу көчөлөрүн туташтырган жолдун курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат. Учурда иш алып баруучу топ экиге бөлүнүп, жарымы суу түтүктөрүн алмаштыруу менен алек, ал эми калган кызматкерлер Ак-Буура көчөсүндөгү жолду Кара-Суу көчөсүнө туташтыруу үчүн иш алып барууда. Эки жумадан соң бул жол менен коомдук транспорттун каттоосуна уруксат берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: