30-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 30-июлда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз + 26 … +31;
Талас облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +24 … +29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19 … +24, күндүз +30 … +35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +22 … +27;
Нарын облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +22 … +27 градус ысык болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +29 … +31 градус ысык болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















