super.kg logo

"Бири айдоочуну муунтуп, экинчиси буюмдарын алган". Чүйдө таксистти карактап кеткенге шектүү жарандар кармалды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Аламүдүн РИИБине 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

"Анда 27-июль күнү айдоочунун унаасына Бишкек шаарындагы "Ош базарынан" кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. Болжол менен саат 21:00 чамасында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, аны муунтуп, дагы бири автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган. Айдоочу бейтааныш балдардын колунан качып, унаасындагы бычакка жетип, өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда балдар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жарандар кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти мекемеден.

Кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.07.2021. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акмактар десе!
29.07.2021. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бычып салыш керек мындай шүмшүктордү
30.07.2021. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым элге атайын зыян келтирген ууру, каракчы, педофил, коррупционер, алдамчы, бандиттердин суроттору инициалы менен ачык элге жарыялансын. С.Жапаров.


деген мыйзамды талап кылабыз.
al-abu-kinesz түзөттү 2021-07-30 13:50:25
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: