super.kg logo

Израиль коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы менен эмдөө алдында турат

 

Израиль жакында жарандарына BioNTech/Pfizer вакцинасынын үчүнчү дозасын саюуга даярданып жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Нафтали Беннетке шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Израиль мындай кадамга барган дүйнөдөгү биринчи мамлекет экенин белгиледи. BioNTech/Pfizer препаратынын үчүнчү дозасын мындан беш ай мурун эмдөөнүн эки жолку дозасын сайдырган, жашы 60тан ашкан адамдар ала алат. Тесттик сыноонун алкагында вакцинанын үчүнчү дозасын 2 миң киши алып, анын коркунучтуу тескери таасирлери байкалган эмес.

Премьер-министр Нафтали Беннет Израилдин 60 жаштагы президенти Ицхак Герцог 30-июлда вакцинанын үчүнчү дозасын аларын жарыялады. “Мен буга чейин эки дозаны алган улгайган адамдарды эми үчүнчүсүн алууга чакырам. Бул оорунун оор өтүүсүнөн жана өлүмдөн сактайт”, – деди Беннет.

Израил дүйнөдө биринчилерден болуп калкынын басымдуу бөлүгүн эмдөөдөн өткөрдү. Быйыл апрель айына карата ал жакта калктын 60 пайызы вакцина алды. 1-июндан тарта Израилде бардык карантиндик чектөөлөр алып салынды. Ал эми 15-июндан бери имарат ичинде бет кап тагынбоого уруксат берилип, бирок дельта штаммынын жайылып кетишинен улам он күндөн соң бет кап тагынуу режими кайра киргизилди. Соңку айларда Израилде илдеттин жайылышы кайра күчөдү. Учурда күнүнө эки миң адамдан вирус аныкталып жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө вакцинанын үчүнчү дозасын саюуну сунуштай элек. Уюм анын ордуна өнүккөн өлкөлөр вакцинанын ашыкча запасын жакыр өлкөлөргө берип, COVID-19 инфекциясынын жаңыдан жайылуусун алдын алуу туура экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
30.07.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек, вакцина алыштын кереги жок. 2 дозасын алып деле кайра ооруп жатышса
30.07.2021. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үчүнчү анан отуз үчүнчү болуп кете берет, денебиз вакцина болуп жатып калат
30.07.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакцина алгандар жеңил ооруп жаткан учурлар бар.
30.07.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_I, өлүп калган да учурлар бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: