Улукбек Марипов: "Бишкек-Ош жолундагы жол тыгыны менин келгениме байланыштуу эмес"
Бишкек-Ош унаа жолундагы жол тыгыны министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келгенине байланыштуу эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу мекендештер! Бишкек-Ош жолунун 133-141-чакырымында түзүлгөн унаалардын тыгыны аталган аймакка менин келгениме байланыштуу эмес. Автоунаалардын топтолушу жолдун көрсөтүлгөн тилкесинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери болуп жаткан үчүн пайда болгон. Көрсөтүлгөн жол тилкесин оңдоо 2021-жылдын 19-июлунда "Мостдорстрой" ЖЧК тарабынан башталган. Учурда унаа жолунун аталган участогунда асфальт-бетон төшөө үчүн негиз даярдоо боюнча иш жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Билимдүүлөр мамлекетте кала турган системаны бышырып жүрөм. Бул идея меники эмес, башка мамлекеттерде колдонулат. Ошол системаны бизге алып келиш керек.