super.kg logo

Чолпон-Ата шаарында мас абалындагы айдоочу инспекторду сүзүп кетти

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мас абалындагы айдоочу инспекторду сүзүп кеткен. Маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

25-июль күнү саат 09:30 чамасында Тамчы айылынан Балыкчы-Каракол багытында BMW 525i үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерине токтобой кеткен. Бир аз убакыттан кийин Чолпон-Ата шаарында ЖККК постунда токтоткон Эрмек Алымканов аттуу инспекторду сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Балыкчы-Каракол жолундагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясынын бурулушунан BMW унаасынын айдоочусу 21 жаштагы Түп районунун тургуну Э.И. кармалган.

Натыйжада ЖККК инспектору Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы жакшы.

Айдоочуга карата Жазык кодексинин 355-беренеси "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталган. Айдоочунун баш коргоо чарасын райондук сот карап, эч жакка чыкпоо катынын негизинде үй камагына чыгарылган.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочу мас абалда болгону аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
30.07.2021. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Инспекторду мас абалында сузуп,дагы токтобой качып кетсе уй камагына чыгарыштыбы?Бизде мыйзам деген нерсе олуп эле калыптыр.
30.07.2021. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ошого жеткиришет да өздөрү да
30.07.2021. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Өлтүрө сүзсө болмок экен
31.07.2021. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
NurikAKSUU89,Сага окшогонду өлтүрө сүзсо мас айдрочу! Алкаш неме окшойсуң коментарийиңе караганда!
31.07.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Belek1710,ичинде бар окшойт ээ
30.07.2021. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алпарып тыгып салбайсыңарбы нары решеткага
30.07.2021. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ал 21жаштагы бала ичип тоюп алып көзүнө эч нерсе көрүнбөй көөп баратып биздин коопсуздугубузду карап турган инспекторду сүзүп кетип атса аны бошотуп жиберип атат бул деген башка адамдардын укугун тебелегендикпи БМВ.айдаганына караганда жөнэмес 15сутка камап машинесин стоянкага койуп инспектордун ден соолугун калыбына келтиртиш керек болчу.ушундай жаңылыкты жазасыңар элдин кыжырына тийип.
30.07.2021. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
rahat73., Болгон жанылыкты жазып жатат да мупер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: