super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы иш сапары башталды

 

Бүгүн, 30-октябрда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы калк менен жолугушуулары башталды. Иш сапардын максаты - калк менен жолугушуп, аймактардагы элдин абалы менен  таанышып, маселелерди жеринде чечүү. Министр иш сапары учурунда республиканын аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жасалып жаткан жумуштардын сапаты менен таанышып, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жер-жерлердеги иштеринин көрсөткүчтөрү тууралуу калктын пикирин угат. Министрдин 3 күнгө белгиленген иш сапарында Баткен облусундагы жергиликтүү тургундар жана райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги менен жолугушары 

 күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: