"Токио-2020": Айпери Медет кызы жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калды

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы бүгүн, 1-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап анда, ал дагы коңшу казакстандык Эльмира Сыздыкова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны орусиялык Наталья Воробьева менен кез келип, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 12:0 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Эми кыргыз балбан кызы коло байге үчүн күрөшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Таза эсеп болбоду .Калыс сатылып кеткенго....