super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Кытай медалдардын саны боюнча лидер болууда (тизме)

 

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.

Бүгүн, 2-август Бишкек убактысы боюнча саат 07:30га карата Кытай 24 алтын, 14 күмүш жана 13 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 20 алтын, 23 күмүш, 16 коло медалы менен жайгашса, Япония 17 алтын, 5 күмүш жана 9 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.

Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: