Чүйдө жөө адамды унаа сүзүп кетип, денеси бөлүнүп кеткен
Бишкек-Ош унаа жолунда, тагыраагы Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, жөө адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 31-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында болгон.
"Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу борбор калааны көздөй бара жатып болжол менен 35-40 чамасындагы кишини сүзүп кеткен. Натыйжада жөө адамдын денеси бөлүнүп, чачырап кеткен", - дешти милициядан.
Айдоочу кармалып, Сокулук РИИБине жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.