super.kg logo

Бишкекте кафелердин биринде белгисиз адамды сабап, денесине жаракаттарды келтирген шектүү кармалды

 

ИИМдин криминалдык милиция кызматы аймактар аралык башкармалыгы бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Т.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 13-июль күнү болжол менен саат 14:00дө Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринде арыздануучуну чала тааныш адам себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтиргенин жазган.

Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул укукка каршы аракеттерге криминалдык чөйрөнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чарага ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

28-июль күнү аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: