super.kg logo

"Адам өлүмү көбөйдү". Бишкекте үч күндө 90 мас айдоочу кармалып, аларга 1 миллион 575 миң сом айып салынды

 

Бишкекте үч күндүк "Бахус" аталышындагы рейддик иш-чара учурунда Бишкекте 90 мас айдоочу аныкталып, 1 миллион 575 миң сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда.

"Анын себептери айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыгы болууда. Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейддик иш-чара өткөрүп, 3 күндүн ичинде 2 миң 648 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады", - деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинен:

- Мас абалында автоунаа башкаруу - 90 айдоочу (1 575 000 сом айып салынды);

- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 143 айдоочу;
- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 7 айдоочу;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 2 миң 399 айдоочу.

- 289 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.08.2021. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласынар. Мас айдоочулардын праваларын 6 айга же 1 жылга лишения кылыш керек, ошондо ичпей калышат, ичсе да ойлонуп ичишип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: