super.kg logo

Beeline туулган күнүнө карата белектерди жана жагымдуу бонустарды берет!

 

"Sky Mobile" ЖЧКсы (TM Beeline) өзүнүн 23 жылдыгын белгилөөдө, майрамга карата, компания абоненттери үчүн жагымдуу бонустар түрүндө белектерди даярдады.

1998-жылдын 1-августунда, 1997-жылы негизделген "Бител" ЖЧКнын тармагында Кыргызстандын GSM тармагындагы биринчи чалуу аткарылган, ал эми 2009-жылы компания кызматтарын Beeline бирдиктүү эл аралык брендинин астында көрсөтө баштаган. Бүгүнкү күндө компания уюлдук байланышты бардык таанымал эл аралык стандарттарга ылайык камсыз кылууда, анын ичинде LTE-технологиясы - бир нече жыштыктарды айкалыштырып, мобилдик интернеттин ылдамдыгын бир нече эсе жогорулатат.

"23 жылдан бери компания туруктуу жана ишенимдүү оператор болуп, сапаттуу байланышты камсыз кылууда, ошондой эле абоненттеринин ыңгайлуулугу жөнүндө кам көрөт, алардын жашоосун жеңилдетүү үчүн ыңгайлуу санариптик чечимдерди сунуштайт. Мындан тышкары биз кардарларыбыз үчүн бүткүл өлкө боюнча мобилдик байланышты жана жогорку ылдамдыктагы интернетти колдоно алышына, тармагыбыздын өнүгүшүнө инвестиция салууну улантуудабыз. Биз менен болгонуңуз үчүн рахмат! Биз бирге өсүп-өнүгүп жатканыбызга кубанычтабыз", - деп Beeline башкы директорунун биринчи орун басары - финансылык директору Айзада Мадамбекова куттуктады.

Компания заманга ылайык келерин каалап, өлкөбүздүн алыскы райондорун байланыш менен камсыздайт, ал эми акыркы эле жарым жылда 200дөн ашуун 4G/LTE базалык станцияларды орнотуу боюнча иш жүргүзгөн, көптөгөн абоненттерге жогорку сапатта интернет-байланыш берген максатта - бул үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен эч кандай тоскоолдуксуз баарлашууга мүмкүнчүлүк!

Кошумчалай кетсек, Beeline биздин өлкөнүн социалдык маселелерин чечүүдө кам көрүп, бүткүл өлкө боюнча жаш муундун өнүгүүсүнө салым кошкон көптөгөн социалдык демилгелерди көтөрүүдө.

Beeline абоненттерине тандоосу, берилгендиги жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирет. Ал эми туулган күнүнө карата өзүнүн көптөгөн абоненттерине 23 ГБ интернет жана Beeline Россия/Beeline Казакстан номерлерине 23 мүнөт байланышты берет. Абоненттер белекти август айынын каалаган күнү *2300# буйругу менен байланыштыра алышат.

Биз менен болгонуңуз үчүн рахмат!

Beeline: Сизге жана жакындарыңызга кам көрүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.08.2021. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Белек" берет бирок эртеси алдап акча алат.
Казактын компаниясын бакпай озубуздун мамлекетке акчасы тушо турган мегакомго өткүлө.
1 сом болсо да өзүбүздө калсын
05.08.2021. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
23 гб ны бир суткага берет экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: