super.kg logo

Франциялык мушкер беттештен соң чечимге нааразычылыгын билдирип, жарым саат бою бокс аянтчасында отурду

 

Москвада төрөлгөн франциялык мушкер Мурад Алиев "Токио-2020" Олимпиадасында бокс боюнча чейрек финалдык беттештен соң калыстардын чечимине каршы экенин билдирип, жарым сааттан кийин гана бокс аянтчасын таштап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, Мурад Алиев 91 килограмм салмак ченинде чейрек финалдык беттеште улуу британиялык мушкер Фрейзер Кларк менен кез келген. Бирок беттештин 2-бөлүгүндө беттеш токтотулуп, жеңиш Улуу Британиянын мушкерине ыйгарылган. Калыстар тобу мындай чечимге Алиевдин атаандашына каршы орой оюн өткөргөндүгү жана кооптуу соккуларды колдонгондугу үчүн көп эскертүү алгандыгы себеп болгонун айтышкан.

Ал эми франциялык мушкер калыстардын бул чечимине нааразычылыгын билдирип, 30 мүнөт бою бокс аянтчасынын четинде кетпей отурган. Көп өтпөй уюштуруучулар мушкерди кийинүү бөлмөсүнө алып кетишкен. Бирок спортчу кайра кайтып келип, бир канча убакыт дагы аянтчада отурган.

"Мен бул мелдешке 4 жыл даярдангам. А бул жакта мындай көрүнүш орун алууда. Мен таң калып жатам. Мен калыстардын чечимине таптакыр макул эмесмин. Мен өзүмдүн бул аракетим менен болгону чечимге каршы экенимди билдиргим келди. Бирок мага жыйынтыкты өзгөртүү мүмкүн эместигин айтышты", - деген Алиев журналисттерге.

Ошондой эле ал беттеш учурунда чечимге себеп болгондой окуя орун албаганын жана дароо мелдештен четтетилип калганын кошумчалады.

Бул окуя күндүн акыркы беттешинен кийин болгондуктан күн тартибиндеги башка беттештерге таасирин тийгизген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
02.08.2021. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дагы деле мусулмандарга кысымда...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: