super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада: "Башкы фаворит". Акжол Махмудовдун финалда күрөшө турган атаандашы кандай ийгиликтерди багынткан?

 

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыгып, анда 1/8 финалда азербайжандык, чейрек финалда тунистик, жарым финалда армениялык балбанды жеңип, татыктуу түрдө Олимпиаданын финалына чыкты.

Финалда кыргыз балбаны "Токио-2020" Олимпиадасынын негизги фаворити болгон венгриялык Томас Лоренц аттуу балбан менен кез келет. Кыргыз балбанынын финалдагы атаандашынын ийгиликтерин карап көрдүк.

34 жаштагы Томас Лоренц "Лондон-2012" жайкы Олимпиада оюндарында 66 килограмм салмакта күмүш байгеге ээ болгон. Ал финалда түштүк кореялык Ким Хен Воо аттуу балбанга жеңилип калган.

Мындан тышкары 4 жолку Европа чемпиону ("Москва-2006", "Тбилиси-2013", Вантаа-2014", Варшава-2021") жана Европа чемпиондугунда 1 жолу күмүш утса, 6 жолу коло байге жеңген.

Ал Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңип алган.

Томас Лоренцти Дүйнөлүк күрөш уюму "Токио-2020" Олимпиадасындагы фаворит балбандардын ичинен биринчи орунга койгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
02.08.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Буйруса мунуда урат Кеша...
02.08.2021. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудайым колдоп буйруса Акжол балбаныбыз алтын тагынат Аамин.
02.08.2021. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах өзү жар болуп, алтынды алып намысты коргосун
03.08.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо бул экообунун кайсынысы биздин атаандаш?
03.08.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asyl.jazi, Үстүндөгү
03.08.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кешаныкы бүт алтын, мунуку коло, күмүш экен. Кеша давай жанчы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: