Депутат Курманбек Осмонов прокуратура кызматкерлерин мыйзам чегинде иштөөгө чакырды
Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында “Кумтөр” боюнча айыпталып, үстүнөн кылмыш иши козголгон депутат Курманбек Осмонов прокуратура кызматкерлерин мыйзам чегинде иштөөгө чакырды. Айтымында, өзүнө кылмыш иши козголо электе эле ага ориентировка (адамды издөөгө жана чалгындоого көрсөтмө берилген документ) берилип калган.
“Мен Орусиядан 17-октябрда учуп келдим. Келсем прокуратура тарабынан мага ориентировка жарыяланып калыптыр. Кылмыш иши 24-октябрда козголду. Мен көчөдө жүргөн жөнөкөй адам эмесмин, жаманбы жакшыбы депутатмын”,- деди Осмонов.
Осмонов башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып, кызматкерлерин мыйзамдуу иштөөгө чакырышы керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

