super.kg logo

"Нижняя Серафимовка айылынын 63 жаштагы тургунун өлтүрдү" деген шек менен канттык жигит кармалды

 
Бүгүн, 30-октябрда Ысык-Ата районунун милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектүү делинген канттык 35 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

2013-жылы 11-октябрда болжол менен саат 17:00дө Нижняя Серафимовка айылында 63 жаштагы К.Турусбектин киши колдуу болуп өлгөн денеси өзүнүн үйүнүн жанынан табылган. Анын денесинде жана башында катуу соккулардын издери болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. 

Бүгүн 30-октябрда аталган адамды өлтүргөн деп шектелген адамды милициялар колго түшүрүшкөн. Ал Кант шаарынын 35 жаштагы тургуну К.Зарылбек болуп чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, кылмыш мас болуп чатакташуудан улам жасалган. Учурда кармалган адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, сурак жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: