Tesla Model S электромобили мас абалындагы айдоочусун жол кырсыгынан сактап калды
Tesla Model S автопилоту мас абалындагы айдоочусун жол кырсыгынан сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окуянын видеосун күбөлөр да тартып алышкан.
Маалыматка ылайык, окуя Норвегиянын жолдорунда болгон. Анда 24 жаштагы айдоочу мас абалында электромобилди башкарып бара жатып капысынан уктап кеткен. Ошол учурда унаага орнотулган өзүн-өзү башкаруучу система айдоочу тарабынан эч кандай башкаруу болбой калганын байкап, дароо жол жээкке токтоп, авариялык сигналдарды жандырган.
Норвегиялык полициялардын берген маалыматына караганда, унаанын айдоочусунун ичимдик ичкени аныкталган жана ал айдоочулук күбөлүгүнөн убактылуу ажыратылган.
Ал эми Tesla компаниясынын автопилот системасын колдонуу жол кырсыктарын бир топ азайтат. Аталган компания 2021-жылдын биринчи жарымына байкоо жүргүзүп, мындай системаны колдонгон унаалар арасында ар 6,7 миллион чакырымда бир гана жол кырсыгы катталганын байкаган.
Бирок буга карабай автопилот орнотулган Тесланын унаалары арасында баары бир жол кырсыктары катталууда. Иликтөөлөрдүн натыйжасында, кырсыкка учурап каза тапкан айдоочулардын көбүнүн рулду кармабастан унаа башкарганы же болбосо педаль, тормоз, газ сыяктуу кызматтарды таптакыр унутта калтырып койгону аныкталган. Ошондой эле айрым айдоочулар унааны башкаруусуз калтырып, арткы отургучка отуруп алганы үчүн полициянын колуна түшкөн учурлар да көп катталган.
Ал эми электромобилдерди чыгарган компаниянын өкүлдөрү автопилот системасы унааны толугу менен башкарат деген нерсе жаңылыштык экендигин белгилешти.
"Айдоочу кандай болгон күндө да бардык нерсеге кунт коюп, башкарууну көзөмөлдөн чыгарбашы керек", - деп билдиришкен компаниянын өкүлдөрү.


