super.kg logo

ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары коррупция фактысына шектелип кармалды

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупция фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу аныкталган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-августта Таалайбек Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3,500 миң доллар, 59,000 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.

Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, Таалайбек Нуралиев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары коррупция фактысы менен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: