super.kg logo
  Спорт  

"Токио 2020": Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдагы атаандашы тууралуу билип алыңыз

 

Бүгүн, 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы жарым финалдык беттешин өткөрөт. Анда ал украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен кез келет.

Ирина Коляденко 1998-жылы төрөлгөн. Учурда 22 жашта. 2017-жылдан бери эл аралык мелдештерде күч сынашып келет. 2019-жылы Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси. 2020-жылы Европа биринчилигинде коло байге тагынган. Ал эми быйыл эле Варшавада өткөн Европа чемпиондугунда 62 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль утуп, карьерасында алгачкы ирет Европа чемпиону болгон.

Ал эми Олимпиададагы эң алгачкы беттешинде нигериялык Аминат Адениини таза жеңиш менен утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалдык баскычта дүйнөлүк рейтингде 3-орунда турган кытайлык Цзя Лун менен күч сынашып, аны да мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш менен утуп алган.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча жарым финалдык беттештер бүгүн саат 15:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.08.2021. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: