Хабиб Нурмагомедовду тосуп алгандардын арасында Жапаров менен Ташиевдин уулдары жүрөт
Бүгүн, 3-августта UFC уюмунун жылдызы, атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө келди.
Аны "Манас" аэропортунан "EFC 38" турниринин уюштуруучулары тосуп алышкан. Ал эми тосуп алуучулардын арасынан президент Садыр Жапаровдун уулу Рүстөм Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевди көрүүгө болот. Алар Нурмагомедов менен бирге бир дасторкон үстүндө чогулушкан. Аталган видеону орусиялык мушкер социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 3-август күнү кечинде "EFC 38" турнири орун алат жана турнирге Хабиб Нурмагомедов конок катары катышат.
Бүгүн боло турган "EFC 38" турнирин SUPER.KG порталынан түз эфирде көрө аласыздар.
Хабиб Нурмагомедовду тосуп алышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-3

Коралбастык эмес, чындык. Тупизм бул!