super.kg logo

Кара-Көлдө "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык фондунун "Билим кербени" уланууда

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду бүгүн, 30-октябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында болуп, “Мектепке чейинки 6 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө бир жыл окутуу” долбоорунун алкагындагы “Билим кербенинин” ачылышын өткөрдү. Мэриянын имаратында “Мектеп-Школа” журналынын башкы редактору жана көз карандысыз эксперт Миргүл Эсенгулова “Кенже курактагы балдардын өнүгүшү жана коомчулук аркылуу көндүмдөрдү калыптандыруу” темасында презентациясын өткөрдү. Ал аудитория менен балдардын өнүгүшү үчүн китеп окуунун маанилүүлүгү тууралуу диалог жүргүздү. Диалог кызуу талкуу менен өттү. Презентацияга Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиев, шаардык кеңештин депутаттарынын төрагасы Мирланбек Жээнбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Кожошова, шаардык балдар бакчаларынын жетекчилери, кызматкерлери, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана башкалар катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Көл шаар кеңешинин төрагасы- Мирланбек мырза,шаар мэри Мамбет Койчиев прихватташтырып алган бала бакчаны мамлекетттин эсебине муниципалдык кылып өткөрүп бердиби?Балдар үйдө отуруп, бук болуп кетти,Роза Исаковна, мэрди теске салбасаңыз болбой калды,шыбырап коюңуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: