super.kg logo

УКМК: "Мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Кумтөр" иши боюнча кармалды"

 

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Сариев "Кумтөр" иши боюнча кармалды.

"Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, бүгүн, 3-августта өлкөнүн мурдагы премьер -министри Темир Сариевди УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими кабыл алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө, Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды.

Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат. Тергөөнүн жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт", - деп айтылат маалыматта.

УКМК "Кумтөр" иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу жана Сариевге айыпталган эпизоддор боюнча керектүү маалыматты коомчулукка берип турууну убада кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
03.08.2021. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Чо то жакында мен дагы укмк га суракка барат окшойм
03.08.2021. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Nara5,Элдин ырыскысын жесен барасын сен дагы
03.08.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nara5,азыр эле жоной берда
03.08.2021. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эми митинг көбөет окшойт а бошотсун деген
03.08.2021. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акыры ушул киши кармалыптыр да давно кармаш керек эле Кумтөрдөн сырткары көп иштери бар бул шумпайдын
03.08.2021. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наконецто .дааавно кармаш керек болчу мулкторун конфисковать надо.
05.08.2021. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээми бул ооруп калат,тиги Бабанов сыяктуу анализи чыкпай, анан чет өлкөгө кетет дарыланганы,Ошону менен жомок бүтөт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: