super.kg logo
  Спорт  

Акжол, Акжол! Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудовдун кичи мекенинде аны кантип сүрөп турушту

 

Ош облусунун Араван районунда "Токио-2020" олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон Акжол Махмудовдун кичи мекенинде анын оюнун жердештери катуу сүрөөнгө алып көрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондун акими Сейтек Кулубаев билдирди.

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-августта финалда беттешке чыкты. Анда ал венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды.

Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алган.

Финалда Акжол Махмудов менен беттешкен Тамас Лоренц тууралуу маалыматты бул шилтемеден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: