super.kg logo

“Тумар” радиосунун үн режиссёрунун өлүмү үчүн соттолгон адамды түрмөдөн бошотушту

 
Маркум Жаныбек Айдаралиев
Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө себепкер болуп соттолгон Максат Эралиев

    Кыргызстандын Жогорку Сотунун токтомуна ылайык, “Тумар” радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмү үчүн соттолгон Максат Эралиев түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

    Эске салсак, 2011-жылы 16-октябрда “Тумар” радиостанциясынын үн режиссёру 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев Бишкектеги “Мото” соода комплексинин жанында сабалган. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, ооруканага жеткирилип, бир нече операциядан кийин 9-ноябрда көз жумган. Анын өлүмүнө шектүү деп Максат Эралиев кармалган.  

     Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2012-жылы 24-майда Бишкектеги Биринчи Май соту Абдразак Боромбаев Максат Эралиевди №47-абакта күчөтүлгөн режимде кармоо менен 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. 2012-жылы 5-сентябрда Бишкек шаардык соту тарабынан Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, Максат Эралиевди 4 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарылган. Ал эми 2013-жылы 19-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту соттолгондун мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскартып, "кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу" дегенге шылтап Чолпон-Атадагы №44-жатак-абагына жаза мөөнөтүн өтөөгө чечим чыгарган. Абакта Максат Эралиев башы ооруганын айтып кайрылган. Чолпон-Атадагы ооруканада текшергенден кийин ал Бишкектеги ооруканалардын бирине жөнөтүлгөн. Азырынча анын ден соолугу боюнча диагноз чыга элек. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы белгилегендей, Максат Эралиев азыркы тапта абакта түнөбөй, бирок кайда жана эмне кылып жүргөндөрү тууралуу абактын администрациясына айтып, кабарлап турушу керек. Мындан сырткары абактын жетекчилиги уруксат берсе, Кыргызстандын аймагында жүрө алат.

Бул боюнча Жогорку Соттун маалымат кызматы соттолуучуга карата өкүм маркумдун туугандарынын өтүнүчү боюнча жеңилдетилди деп билдирди. Андан сырткары соттолуучунун атасы ооруп каза болгону, апасынын оорусу жана анын үй-бүлөсүнүн жашоого каражатсыз калганы себеп болду деп айтышты.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
30.10.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абакта Максат Эралиев башы ооруганын айтып кайрылган. Аны Чолпон-Атадагы ооруканада текшергенден кийин Бишкектеги ооруканалардын бирине жөнөтүшкөн.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы белгилегендей Максат Эралиев абакта түнөбөй, бирок кадамдары тууралуу абактын администрациясына айтып турушу керек. Мындан сырткары абактын жетекчилиги уруксат берсе Кыргызстандын аймагында жүрө алат.
03.11.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bosmos7 Тушунуго аракет кылалы эми. Мынтип абактан бошото берсек анда адамды чымын олтургондой да корбой калышат ко тобо.
30.10.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кабарчынын жазгандарына тушунбойм ! Же ката жазат же тушунуксуз !
30.10.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандайча кылмышкер 14 жылга камалса, аны сот карап 4 жылга кыркартырыптыр! Кийин 3 жылга деп! Эми болсо анын баскан кадамын карап турушат дейт! Эмне ал бала байдын баласыбы? Эгерде жонокой болгондо 14 жыл толук камалат эле!
30.10.2013. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кабарчынын жазгандарын мен түшүнөм жакшы эле. Же менин ой жүгүртүүм кеңдигинен сындап отурбай түшүнүп алсам керек. Бул жерде коррупция катышкандыгы көрүнүп эле турат.
30.10.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындык калкып чыгып турат
30.10.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сот менен менттердин колуна тушпогуло.Акчанар жок болсо кор болдунар.Акчалуулар ушинтип кутулуп кетишет,муну кыргызча демократия деп коет окшойт.Мумкун башкачадыр...
30.10.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде точно коррупция,14жылга кесилип,анан общий 7жылга кыскарылыптыр,эми биякта суроо, эмне учун кыскарылды,адамды олтуруп жатса
31.10.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mososoi, жыйынтыгында 3 эле жыл эркинен ажыратылыптыр! Бул КРдагы көнүмүш эле адат, мен таң калбайм!!! Эгер жумуртка уурдап камалганда до конца мөөнөтүн өтөмөк, адам өлтүргөндөргө жеңилдик беришет СОТТОР!!!!!!!
30.10.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
акчалуулар абактан ооруп жатат деп чыгарышат.акчасы жокторду ооруп тошокто жаткан жеринен суйроп кетет.мына сага закон.уят деген нерсе жок болуп калды
30.10.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорулу болуп, жазадан женил кутулу адатка айланды бизде. Митинг менен бийлик алмашсак, оору менен, турмодон чыгып кете алабыз. Эн жакшы мыйзам, жана эн кучтуу болуп баратат.
30.10.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кылмыш кылып жатканда эч кчан оорушпайт,арстандан дагы кучтуу,ал эми жоопко тартканда олумуш болушатда же акчан болсоэле ошондой закондор барбы
31.10.2013. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Owol bowotkon sottordu ozdorun 14 jilga oturguzuw kerek. Turmodon chiikan bizge banyadan chikkandai ld jenil bolup kaldi go. Atambaev dagi sottordu karap jatam dep koet
Модератор admin_superstan түзөттү 31.10.2013 10:28
31.10.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн окунучтуусу биз ушул жерде жашып эле тым болобуз(((((Эмне кылса жашообуз онолот? Эн чон, эн оор жана ишке ашкыс суроо(((((
31.10.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
банядан эмес туалетке кирип чыккандай болуп калды темир торго отуруп чыккан, кудайдан корот бул бала, арбак уктатпайт убалы жетет, ал соттор иттен жаман болуп калган жалмандап
31.10.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
локуйуп турганын,бироону олтуруп койуп кыйраткансып жазаны наркы дуйнодо берсин
31.10.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жанагы абактагы ымыркайы бар аялдарды чыгарбай ушул локуйгонду бошото бекен,соттун пара корлору кичин ал жак,бул жагынарды, карап иш кылгылачы.
31.10.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да силерге толук кошулам,мисалы менин бир таанышым 4жыл мурун бала олтуруп алган 18жылга кескен,аракет кылышты ата-энеси бирок акчалары жок толук отуруп чыгат деген окумун бузушкан жок сот.а биакта коррупция ачык эле корунуп турат
31.10.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башы ооруса эмне экен лучше олуп калбайбы ал адамды олтуруп жатат,башка карапайым акчасы жок бала болгондо,атасы апасы олуп жатабы мындай болбойт болчу.
07.11.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башы ооруса эмне экен???Анын турмуш шартын тушунушконуно эмне дейсин бул паракор соттордун.Эххх адамзат эмне болуп баратабыз...Кимдин акчасы болсо мыйзамды каалаганындай бузуп.Кылмышкер ооруп калды деп турмодон бошотуп депутаттар чогулуп аэропортко чейин узатып ээ.
14.11.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туру суукго э киллердин тобо таанышы кучту немего арбактын каргышы тиет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: