Мээрим Жуманазарова коло медаль алгандан кийинки эмоциялары менен бөлүштү
"Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча мекендешибиз Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн болгон беттеште жеңүүчү аталды. Коло медалды тагынган балбан кыз эмоциялары менен бөлүшүп, кыргыз элинин ишеничин актаганы үчүн кубанып жатканын айтты.
"Оюмда алтын медалга жетким келген. Бирок жоктон жогору коло байгеге дагы кубанып жатам. Кыргыз элимдин, ата-энемдин, агайларымдын ишеничин актаганга абдан сүйүнүп жатам", - деген Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийинки эмоциясы менен бөлүштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
1

Азаматсың Мээрим!