super.kg logo

"Мекенимдин кызы Мээримай". Ырчы Эмил Балтагулов балбан кызга арнап ыр жаздырууда

 

Жалал-Абад маданият техникумунун директору, ырчы Эмил Балтагулов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазаровага арнап ыр жазууда. Бул туурасында ал өзү билдирди.

Айтымында, обондуу ыр эртең даяр болот.

"Биз дагы оюндардын жүрүшүнө көз салып, спортчуларыбызга күйөрмандык кылдык. Мээрим Жуманазарованын беттешин көрүп жатканда башкача толкундоолор болду. Күрөштүн акыркы секундаларын берилүү менен көрдүм. Жеңишке жеткенден кийин аябай кубанып, кызыбызга арнап ыр жазгым келди. Элдин кубанычы камтылган ырдын сөзүн жазып, кечинде аранжировкасын баштап койгом. Жумуштан кийин аягына чыгарайын деп турам. Жакшылап иштесем эртеңкиге даяр болуп калат", - дейт ал.

Кечээ, 3-август күнү балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова өлкөбүз үчүн экинчи медалды алып келип, жалпы кыргыз элине кубаныч тартуулады. Ал коло медаль үчүн болгон беттеште монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынга мүмкүнчүлүк бербей 10:1 эсеп артыкчылыгында жеңип коло медалды камсыздаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
04.08.2021. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Гүленчилер ыр менен эле жашайт экенсиңерда!
04.08.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Pankration_MMA,деги бир жакшы соз жаза албаган. Бироонун ийгилигине кубана албаган бактысыз адам экенсин! Жаз сенин колундан келсе.
04.08.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pankration_MMA, эркексиңби же аялсыңбы билбейм, бирок адам эмес айбан экенсиң. Ичи тардык да чеги менен болушу керек. Бүт өлкөбүз менен сүйүнүп отурсак, кайдагыны айтып дөөрүйсүң. Жакшы сөз айталбасаң жок дегенде унчукпай эле койчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: