super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркмөнстанга барат

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Мындай маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашат.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары кыргыз делегациясы Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: