super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедовдун турниринде Бусурманкул Абдубаит уулу чемпион болду

 

Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу Чолпон-Ата шаарында өткөн аралаш уруш боюнча Хабиб Нурмагомедовдун "EFC 38" турниринде чемпион болду. Кыргыз мушкери турнирдин алкагында орусиялык мушкер Руслан Яманбаев менен кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

"Eagle FC" турнири 3-август күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Ага конок катары UFC турниринин жеңил салмактагы чемпиону, белгилүү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов келген. Турнирдин алкагында жалпы 19 беттеш өтүп, анда Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери күч сынашты. Ал мелдештин эң негизги чемпиондук кур үчүн болгон беттеши орусиялык Руслан Яманбаев менен мекендешибиз Бусурманкул Абдубаит уулунун ортосунда болду. Негизги беттеште кыргыз мушкери кыйла үстөмдүгүн көрсөтүп, орусиялык мушкерди мөөнөтүнөн мурда техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курду утуп алды.

Бусурманкул Абдубаит уулу бул чемпиондук куру менен чогуу аралаш уруш боюнча бүткүл дүйнөлүк UFC турнирине да жолдомо алды.

Белгилей кетсек, кыргыз балбаны Бусурманкул Абдубаит уулунун профессионалдык мелдештерде жалпы 17 беттеш өткөрүп, анын 13 беттешинде жеңишке жетишсе, 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ошондой эле 1 беттеште атаандашы менен тең чыккан.

Ал эми анын атаандашы Руслан Яманбаев 10 жеңиш, 7 жеңилүү жана 1 тең чыгуу көрсөткүчү менен таанымал.

Эске салсак, "Eagle FC" турнири буга чейин Орусияда өткөн. Ал мелдеште Бусурманкул Абдубаит уулу абдан натыйжалуу жыйынтык көрсөткөн соң уюштуруучулар келерки турнирди Кыргыз өлкөсүндө өткөрүү чечимин кабыл алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
04.08.2021. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абдан кубанычтамын эми UFCнин чемпиону бол, кыргыздын атагын чыгарып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: