super.kg logo

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору коррупция фактысына шектелип кармалды

 

"Кара-Кече" кенинен көмүр уурдоо боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында көмүрдү өндүрүүнүн көлөмүн аз көрсөтүү менен көмүрдү уурдоо коррупциялык схемасы токтотулду. Аталган мамлекеттик ишкананын жетекчилиги пайда көрүү максатында "Кара-Кече" кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү белгилүү болду.

"Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 370 миң тоннадан (600 миллион сом) аз көрсөтүлгөнү аныкталган.

3-августта сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору А.К.Ы. жана "Кара-Кече" филиалынын бухгалтери Д.Р.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: