super.kg logo
  Спорт  

Алтынга тете күмүш! 3:4 эсебинде. Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада күмүш медаль тагынды

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Бул эгемендүү кыргыз тарыхындагы үчүнчү күмүш байге. Буга чейин 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль уткан. Ал эми экинчи күмүш медалды кечээ гана Акжол Махмудов багындырды.

Мекендешибиз финалдык беттеште жергиликтүү спортчу Юкако Каваиден намыс талашты. Анда эсеп 3:4 эсебинде Каваинин жеңиши менен аяктады. Анткени менен Айсулуу Тыныбекова күрөштүн 2-бөлүгүндө атаандашына 2 ирет коркунучтуу учурларды жаратып, татыктуу күрөш көрсөттү.

Белгилей кетүүчү нерсе, балбан кызыбыз япониялык бул спортчу айым менен буга чейин 3 жолу килем үстүндө жолуккан. Анын экөөсүндө мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетишсе, тилекке каршы, бир жолкусунда жеңишти колдон чыгарып жиберген эле.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" Олимпиадасындагы эң алгачкы беттешин латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен өткөргөн. Анда балбан кызыбыз эч кыйналбастан 8:0 эсеп айырмачылыгында жеңишти камсыздаган.

Андан соң чейрек финалдык баскычта румыниялык Криста Тунде менен кез келген. Ал беттеште да мекендешибиз атаандашын мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш менен утуп алган.

Ал эми жарым финалда украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен беттешип, каршылашын буйдамга келтирбестен 10:0 эсебинде жеңип, Олимпиаданын финалына чыккан.

Бул жеңиштен кийин Кыргыз өлкөсү Олимпиадалык рейтингде бир топ алдыга жылып, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен Армения, Колумбия жана Доминикана Республикасынын катарында 58-орунга жайгашты.

Эске салсак, буга чейин спортчуларыбыздын арасынан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырса, Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча коло байгени камсыздаган.






Айсулуу Тыныбекованын финалдагы беттеши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
04.08.2021. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң жакшы бул. Экрандан көзүмдү албай күрөш башталган күндөн бери мекендештерибизди колдоп иш кылбай тв карап отурам ден соолук каалайм балбандарыбызга.
04.08.2021. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айсулуу сен азаматсың!!!Күмүш медалыбыз кут болсун элим.Кыргыздын сыймыгы Айсулуу.
04.08.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Куттуктайм. Бирок Айсулуудан алтын куткон элем. Мейли кумуш болсо да Кут болсун
04.08.2021. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарыбыз еле адтын куттук еле ишенип алып бирок бул да ен жакшы куттуктайм алтынды да алат буйруса олимпиада татыктуу оюн корсотту ушунун озу ердик аял киши учун тем более
04.08.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтын дагы болуп калаар.
04.08.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айсулуу Азаматсың биз үчүн алтынга тете күмүш уттуң !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: