super.kg logo

"Бычак кармап, беткап тагынып кирип барышкан". Бишкекте дарыканага уурулукка кирген өспүрүмдөр кармалды

 

Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери тоноочулукка шектелген өспүрүмдөрдү кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

3-август күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын бириндеги тоноочулук фактысы боюнча белгисиз жарандан билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам иликтөө тобу барганда Т.А. аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз балдар 2-августтан 3-августка караган түнү бычак кармап жана бет кап тагынып, терезе аркылуу дарыканага кирип, сатуучу кызды коркутуп, акча талап кылган.

Окуя болгон жерге барган Октябрь РИИБинин ыкчам кызматкерлери алгач шектүүлөргө ыктыярдуу түрдө багынып берүүнү сунушташкан, бирок алар баш тарткан. Буга байланыштуу кызматкерлер эшикти сындырып кирип, шектүүлөрдү кармаган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө экинчи шектүү 2004-жылы туулган Д.И. шаардагы оюн-зоок клубдардын биринде кармалган. Ал кылмыш болгон жерден качып кеткен. Кылмышка шектүүлөрдүн экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын карап, өспүрүмдөр Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөрдүн абагына киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу териштирилүүдө. Кимде-ким шектүүлөрдөн жабыркаган болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0(708) 064-926, 0(705) 102-406 жана 102 кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.08.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоолор кандай тарбиясы жок балдар.акча керек болсо иште мээни иштет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: