super.kg logo

"Маалыматты тактабай туруп сүйлөгөндөр мени капа кылат". Галина Байтерек Японияга барганы боюнча комментарий берди

 

Социалдык тармактарда президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтеректин Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында делегациянын курамында барганын көпчүлүк сынга алып жаткан учуру. Бул боюнча SUPER.KG порталы Токиодо жүргөн Галина Байтерекке байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Япония тарабынан президентке, премьер-министрге, президенттин аппаратынын башкармалыгына расмий квота берилген. Бирок алардын иштери көп болгондуктан барбайбыз деп баш тартышкан. Ошондуктан бизге тапшырма берилген.

Мен президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болгондуктан өзүбүздүн квотабыз менен эки ай мурун план боюнча эмдөөдөн өтүп, даярданганбыз. Квота экиге бөлүнөт: администрацияныкы жана спортчулардыкы өзүнчө. Эч качан бири-бирин алмаштыра албайт. Мээрим Жуманазарованын тренери боюнча Улуттук олимпиада комитети биз ага сөз берген эмеспиз деп айтты.

Мени башка бир адамдын ордуна барды деген сөздөр болушу мүмкүн эмес. Биздики административдик квота. Кыргыз өлкөсүнө барганда чакыруу кагаздарын көрсөтүп бере алам. Андан сырткары жөн эле угуп алып, бир нерселерди айткан туура эмес. Кыргыздар качан сыйлоону, бир нерсенин чын-төгүнүн билип анан берүүнү үйрөнүшөт? Ушул нерсе мени капа кылат", - деди Байтерек.

Ал эми Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазарованын жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров машыктыруучу катары спортчуларды коштоп Токиого барбай калганына капа болгонун билдирген. Бул боюнча учурда Токиодо жүргөн мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин спорт бөлүм башчысы Марат Аскарбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

"Дүйшөн агай интервью бериптир "барасың деп айтышкан" деп. Мамлекеттин атынан эч ким андай нерсени айткан эмес. Буга чейин Олимпиадага канча киши барарын билген эмеспиз. Улуттук Олимпиада комитети тарабынан ар бир спорттун түрүнө бизге квота берилген. Аялдар күрөшүнө токтоло кетсем, бул жакка эки тренерге эки квота берилген.

Башкы машыктыруучу жана улук машыктыруучу экөө бар. Алар бизден айлык алып иштешет. Акыркы он жылдан бери алар кыздарды чемпиондуктарга алып барып келе жатышат. Ошол эки агай бул жакка келди. Башка спорттун түрүнөн деле жеке машыктыруучулар келген жок. Мүмкүнчүлүк болсо биз алып келмекпиз", - деди Аскарбеков.






Галина Байтерек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(16)
04.08.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Спорт жөнүндө олимпиада болуп атса, саясатсыларга эмне бар? Ошонун ордуна "Администрациядан" деп ордуңа тиги тренерди кошуп ийсең болмок!
04.08.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кыргыздар, дебей "Кеебирлер" дешиң керек байтерек!
04.08.2021. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бок барбы буга, өзү деле уялбайбы. Кымырап да койбойт го, квота, квота деп эле. Ошо квотаны өзүнө заране алгансын да. Бул аял эмне иш кылганына барды өзү.
04.08.2021. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушуга окшогон байтерекпи-көктерекпи кимдер барды дагы, аныктап аты-жөнүн жазгылачы? Балким Мееримдин атасы кошо барганда, кеп кеңишин айтып, жанында дух берип мындан да жогору натыйжа болот беле.
04.08.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кантип тренерге орун жок,кичине ойлонуп айтпайбы?Кантип тренери жок барат,эгер рренер менен машыгып,даярданган болсо
04.08.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Байтеректин улуту башкабы? Кыргыздар качан уйронушот дейт ко козлиха.
Alinur96kg түзөттү 2021-08-04 19:11:04
04.08.2021. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бок терек
04.08.2021. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Халява
04.08.2021. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бака терек сен кимсиң кыргыздар дегидей?!
04.08.2021. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Галина эжем Токиодон алтын алып келет...шакек.
04.08.2021. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бир четинен караганда бийлик өкүлдөрү спортчуларды колдоп барганы жакшы элего анын неси жаман спортчулар машыктыруучулар эле барса болбой калбайбы бул менин жеке оюм.
04.08.2021. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болуптур, ошол квотаны тренерге берип койбойбу.Эмне иш бутуруртур,уялсанар боло элдин эсебинен конул ачып журо бергенден. Эл кыйналып турганда улам бири эс алып, машиналарын корсотушуп деги уят жок экен.
04.08.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мээримдин атасы тренери экен да, кантип таштап коюшту экен, бул жакта туруп жаман болуп кетет экенсин, балким атасы барса башкача болот беле. Ай Байтерек, Байтерек, булар мындайын качан токтотушат. Кыргыздар качан коюшат дейт, силер качан коесунар ушунуңарды.
06.08.2021. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздан айлангыр,ошол кыргызга берилген квота менен шапар тээп журосунго.
06.08.2021. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой еще капа болгон экен да КЕЧИРЕСИЗ абже.Кечире иалбасаныз Токио до омур бою калып кала бериниз биз сизге такыр капа болбойбуз.
06.08.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байтерек сен ал жерге кымындай да пайдаң жок.Дух дагын бералбайсын.Сен не званный не жданный гостисин ал жерде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: