super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Аманбаев Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолукту

 
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев 30-октябрда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Акыйкатчы институтунун реформалоодогу пландары жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгү адам укугу жана эркиндигинин сакталышына кызыгышты. Талкууда коомдогу коррупциялык көрүнүштөрдүн жарандардын укуктарына тийгизген таасирине басым жасалды. Акыйкатчы конокторду демократиялык жол менен жарандардын укугун жана эркиндигин коргоп жаткан Акыйкатчынын аппаратынын иши менен тааныштырды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: