Өкмөт башчы: "Быйыл кышында электр энергиясынын баасы кымбаттабайт"
"Быйыл кышында электр энергиясына болгон баа кымбаттабайт, бирок бул маселени эртеби-кечпи карашыбыз керек",- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-октябрда "Энергетикалык тармактагы реформа" аттуу эл аралык конференцияда. Айтымында, энергетика тармагы учурда экономикалык гана эмес, саясий маселе. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө бааны көтөрүүгө болбостугун, коомдук-саясий кырдаал буга жол бербей турганын айтты. Бирок кийин бул маселени кароо зарыл экенин да кошумчалады.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















