Казакстанда Кыргыз жаранынын катышуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Казакстанда Кыргыз жаранынын катышуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Айтекеби аймагында Кыргыз жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Анда Фольксваген Гольф унаасынын 30 жаштагы айдоочусу, Кызыл-Ордо облусунун тургуну рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кетип, 50 жаштагы Кыргыз жараны башкарып бара жаткан Daf унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Фольксваген Гольф унаасынын айдоочусу жана 31 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми унаанын ичиндеги эки жүргүнчү борбордук аймактык ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.