super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада: Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова канча сый акы алат?

 

Бүгүн Токиодо өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын 14-күнүндөгү спорттук иш-чаралар орун алууда. Олимпиада башталгандан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган 16 спортчунун ичинен 14 спортчу күчүн сынап, алардын үчөө байгелүү орундарга жетишти. Тагыраагы грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш байгени багындырса, Мээрим Жуманазарова коло медалды камсыздады.

Олимпиада алдындагы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун убадасына ылайык, күмүш байгеге ээ болгон спортчуларыбыз, тагыраагы Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага мамлекет тарабынан 7 жарым миллион сомдон сыйлык тапшырылат. Ал эми өлкөгө коло медаль алып келген балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова 5 миллион сом сыйлык алат.

Ошондой эле Кыргыз курама командасынын башкы жана улук машыктыруучулары, спортчунун жеке жана биринчи машыктыруучулары, Япониядагы биздин команданын дарыгери жана массажисти акчалай сыйлыктарга ээ болушат.

Эске салсак, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары 28-июлда башталган. Спорттук иш-чаралар 8-август күнү жыйынтыкталат. Буга чейин Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулардын 16сы мелдештерин аяктады. Ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев 6-августта, жеңил атлетика боюнча барган спортчубуз Дарья Маслова 8-август күнү мелдешке чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
05.08.2021. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сыйлыгынар кут болсун!!! Жакшылыктарга буйурсун!
05.08.2021. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байтерек канча алат ?
05.08.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми умут Дашада
05.08.2021. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айаал Лазарев не болду?
05.08.2021. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулууда умутум чон эле, тилекке каршы. Эми Дарья алтышкага куч-кубат берсин кудайым.
05.08.2021. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эрназар Акматалиев да кыйын балбан.Мен ошол баладан да умут артып турам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: