super.kg logo

Министрлик: "Төрөтканада каза болгон 18 жаштагы келин аз кандуулук менен жабыркаган"

 

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 18 жаштагы келин төрөтканада каза болгону маалым болгон. Ал арада маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап жаткан видео интернетке тараган.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкүлөрдү билдирди.

"Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө каза болгон 2003-жылы туулган С.У. Түп районунун тургуну. Ал кош бойлуулугунун 12-аптасында ооруканага каттоого турган. Жеке картанын маалыматына ылайык, ал аз кандуулук менен жабыркап келген.

Ал аталган ооруканага 30-июль күнү толготуп келген. 31-июлда саат 16:50дө көз жарып, бала 2 килограмм 900 грамм салмакта төрөлгөн. Төрөт учурунда келинден кан кетип, төрөтү татаалдаша баштаган. Ал учурда дарыгерлер аны протоколго ылайык дарылашкан. Ага кан куюулуп, көлөмү калыбына келтирилген. Бирок кан кетүү 2 жарым сааттан кийин кайра башталган. Кан кетүүнү токтотуу максатында аны операцияга киргизишкен. Бирок кан кетүү токтогон эмес. Дарыгерлер кеңешип дагы бир операция кылууну чечишкен. Көрүлгөн бардык чараларга карабастан, келин тилекке каршы каза болгон", - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан.

SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИББинин маалымат кызматынан маркумдун жакындары арыз жазуудан баш тартканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.08.2021. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынын мойунга алыш керек чындыгында биз кыргыздар келинибиз бойунда болгондо эмне жеп жатасын момун же деп витаминдүү нерселерди алып бербейбиз да.анан өлүп калса врачтар күнөлүү деп жатып калабыз.
05.08.2021. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым жапа жаш келин наристесин жыттай албай кете берди. Жаннаттык болсун.Кимде куноо билбейм, боюнда болгондон баштап врач жазган витаминдерди, момо жемиштерди жеп озубузго карайлы айымдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: