super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы тарых жаратуучу деп атады

 

Дүйнөлүк күрөш уюму "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Айсулуу Тыныбекованы тарыхтын жаратуучусу деп атады. Мындай маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Айсулуу Тыныбекова тарых жаратуучу. Ал Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы ирет Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан кыз болду", - деп жазылды уюмдун баракчасында.

Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" Олимпиадасынын финалында япониялык Юкако Каваи менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калган. Муну менен ал Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болду.

Айсулуу Тыныбековага чейин 2008-жылы Пекин шаарында болгон Олимпиада оюндарында Канатбек Бегалиев жана азыркы болуп жаткан "Токио-2020" Олимпиадасында Акжол Махмудов Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Олимпиадалык күмүш медалдарын жеңип алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.08.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элибиздин сүйүктүү жана ийгиликтүү спортчу Айсулуну жениши менен куттуктайм. Максатыңды так көрүп, кыялдарыңды тайманбастан жана ишенимдүү түрдө ишке ашырууну, жашоодогу ар кандай маселени оңой чечүүнү, жеңишке жетүүңүзгө жана чын жүрөктөн бактылуу адам бойдон калууңду каалайм. Айсулуунун ийгилиги көптөгөн кыздарды жаштарды жашоодо алдыга карай умтулууга шыктандырат. Кыргыздын ар бир кызына сулуулук, эрктүүлүк каалайм
ayzhan12 түзөттү 2021-08-05 12:12:28
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: