super.kg logo

Бишкекте 15тен ашык вебкам студиялар табылды. Алардын ар биринин кирешеси бир жумада 90-100 миң долларга жеткен

 

Бүгүн, 5-августта УКМК тарабынан вебкам студияларын уюштурган жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары Бишкекте 15тен ашык вебкам студияларын уюштурушкан. Билдирүүдө белгиленгендей, уюштуруучулар жаш кыздарга интернет мейкиндиги аркылуу онлайн секс кызматтарын көрсөтүү үчүн чоң өлчөмдөгү кирешени сунушташкан.

"Бир жумада бир гана студиянын көмүскө кирешеси болжол менен 90-100 миң долларга жеткен, анын 5-10 пайызы гана ушул тармакта кызмат көргөзгөн кыздар үчүн бөлүнгөн.

Алардын жашаган жеринде жана студиялар үчүн ижарага алынган батирлерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, жумушчулардын кызматына төлөнө турган 27 миң доллар өлчөмүндөгү каражат, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана интернеттеги интимдик кызматтарды көрсөтүүгө керектүү буюмдар алынды.

Тергөө тарабынан уюштуруучулар кылмыштуу кирешелерди кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө мыйзамдаштырышканы аныкталды.

Кыргыз өлкөсүнүн Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ("кармоонун негиздери") ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип кылмыштын башкы уюштуруучусу П.И. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын мыйзамсыз аракеттерин аныктоо үчүн тергөө ыкчам иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(3)
05.08.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булардын артында НПО лор турат, оңой эле кутулуп кетишет, силер калп эле шоу кыла бербегиле УКМК, чындап иштей алсаңар буга чейинки такталган сойкуканаларды жоготмоксуңар, баары мурдакыдай эле иштеп атышат!!!
06.08.2021. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA, туура айтасың Кулиева көчөсүндөгү сойкуларды жок кыла алышпады анан башкасын жөн эле коюшсун чу
05.08.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ёклмн...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: