super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров жана ал баштаган делегация Түркмөнстанга жөнөп кетишти

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат. Сапардын алкагында Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы президенттин жана аны менен кеткен расмий делегациянын курамын жарыялады. Ага ылайык:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;

— министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

— ички иштер министри Улан Ниязбеков;

— энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: