Казакстандын премьер-министри эртең, 1-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет
2013-жылдын 1-ноябрында Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда КРнын Премьер-министринин пресс-катчысы билдирет.
Сапардын алкагында Ахметовдун КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуусу белгиленген. Эки өлкөнүн премьер-министрлери эки тараптуу кызматташтык жаатындагы маселелерди талкуулашат. Мындан тышкары Ахметов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IV отурумуна катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

