Кара-Балтага Хендай Портер унаасын сатып алууга барган жаранды 2 киши коркутуп 227 миң сом акчасын алып качып кетишкен
Чүйдүн Кара-Балта шаарында тоноо фактысы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-августта жабырлануучу интернетке жарыяланган жарыядан Хендай Портер унаасы сатыла турганын көрүп, сатуучу менен байланышып, жолугууну чечкен.
5-августка караган күнү эртең менен жабырлануучу Кара-Балта шаарына барып, эки жаранга жолуккан. Алар арыз ээсин газ тапанчасы менен коркутуп, чөнтөктөгү 227 миң сом акчасын алып, из жашырышкан.
Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.