super.kg logo

Жайкы Олимпиада өтүп жаткан Японияда коронавируска чалдыккандардын саны ылдамдык менен өсүүдө

 

Япония өлкөсүнүн бир катар аймактарында коронавирус менен ооругандардын саны өтө тездик менен өсүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн экономиканы калыбына келтирүү министри Ясутоси Нисимура билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Министрдин айтымында, вируска чалдыккандардын мындай көрсөткүчтөрү мурун оору сейрек кездешип жаткан соода дүкөндөрүндө, чач-тарачтарда жана мектептерде да байкалууда.

"Оорунун болуп көрбөгөндөй күчөп жатканын көптөгөн аймактардан кездештирип жатабыз. Жеке эле борбор шаарда эмес, бүтүндөй аймактарда инфекция тездик менен жайылууда. Мындай абал мурун орун алган эмес", - деп билдирген министр.

Ал эми өлкө бийлиги вирус жуктургандардын рекорддук көрсөткүчү Токио, Канагава, Сайтама жана Чиба шаарларында катталганын белгилеген.

Ошондой эле Япониянын Улуттук жугуштуу оорулар институту учурда Токио шаарындагы вируска чалдыккандардын 70 пайызында Индиянын дельта штаммы кездешет деген божомолун билдиришти.

Белгилей кетсек, коронавирустун күчөшүнөн улам 2-августта Япониянын бир катар шаарларында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: