Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга алып өтүүгө аракет кылган контрабандалык жүккө бөгөт коюлду
Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга алып өтүүгө аракет кылган контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын маалыматына таянып, маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү менен Казакстандан Омск облусуна карантинге алынган продукцияны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.
Аларга шабдалы - 41,65 тонна, помидор - 20,27 тонна, калемпир - 19 тонна, роза жана альстроэмерия кесимдерин - 365 даана ташып кирүүгө тыюу салынган.
Аймакта карантиндик объекттердин жайылышын алдын алуу үчүн булганган бардык жашылча-жемиштер экспорттоочу өлкөлөргө кайтарылды.
Июль айында ЕАЭБ мамлекеттеринен келген продуктуларга карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда сегиз учур карантиндик объекттердин төрт түрүн аныкталган. (дард, чыгыш көпөлөгү, батыш гүл трипси, пепино -мозаикалык вирус).
Алар Евразия экономикалык биримдигинин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмесине киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















